Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында спорттук мелдеш башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы 3-ноябрда кабарлады.
"Кечээ, 2-ноябрда Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун шахмат-шашки клубунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасындагы XVIII Спартакиаданын алкагында шахмат жана шашки оюндары боюнча турнир башталды. Ага угуу жагынан майып болгон 40 спортчу катышууда", - деп айтылат маалыматта.
Мелдеш 17-ноябрга чейин уланары белгилүү болду. Спартакиаданын негизги максаты - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди ар дайым физикалык көнүгүүлөрдү жасоого тартуу жана сергек жашоого чакыруу.