ЖЫЛНААМА, 3-НОЯБРЬ: 13 жыл мурун Дагестандын Эл акыны Расул Гамзатов каза болгон

"Эгерде эртең эне тилим жоголсо,/ Анда бүгүн жан кыюуга даярмын!" деген ыр саптарынын автору, авар элинен чыккан советтик жана орусиялык акын, коомдук ишмер Расул Гамзатов 2003-жылы 80 жашында каза болгон. Маркумдун сөөгү 4-ноябрда мекени Дагестанда жерге берилген.

Р.Гамзатов 1923-жылы Дагестандагы Цада кыштагында туулган. Ал - Дагестандын Эл акыны, коомдук ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры. Ага "Мен туулган жыл" китеби үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы, "Бийик жылдыздар" жыйнагы үчүн Лениндик сыйлык ыйгарылган. Анын эки китептен турган "Менин Дагестаным" жана көптөгөн ырлары кыргыз тилине которулган. Төмөндө акындын "Энекем алдейлей билбесе" ырынын кыскартылган бөлүгүн сунуштайбыз. Аны Жолдош Турдубаев которгон.

"Эне тил мага кут даарыбай,

Куру калып энчи ат өң-түстөн.

Баш-учу жок жолдо мал сымал,

Космосто мен каңгып жүрмөкмүн…

Мен билмек эмесмин сүйүүнүн,

Дүрт жанып күйөрүн жүрөктөн.

Деңиздей бешигим термете

Энекем алдейлей билбесе.

Бул куштар көктөгү таңшыган,

Сай-сайда жамгырдын жазгы ыры.

Жуулган жаш жалбырак жыпары...

Дандырда кызарган ысык нан –

Бүт баарын жүрөккө сыйдыруу.

Зор күчүн алмакмын мен кайдан,

Деңиздей бешигим термете

Энекем алдейлей билбесе".

3-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан