"Кыргыз почтасы" ишканасынын айылдык бөлүмдөрү 20 инкассатордук унаага ээ болушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.
"Унаалар "Каржылык кызматтарын "Кыргыз почтасы" ишканасы аркылуу жайылтуу" долбоорунун негизинде сатылып алынды. Долбоорго Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 200 миң доллар бөлүнгөн. Ошондой эле почта кызматтарынын 400 айылдык бөлүмүнүн каржылык менеджменти жана каржылык кызматтары жаңыланат. Ошону менен бүгүнкү күндө жаңы банктык кызматтар аймактарда да пайда болот", - деп айтылат маалыматта.
"Муну менен айыл тургундары да шаардыктардай эле акча каражаттарын тез которуп, коммуналдык төлөмдөрүн, салыктарын төлөп, депозитке каражат сала алышат", - деди вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухаммедкалый Абылгазиев.
Эгемендүүлүктү алгандан бери "Кыргыз почтасына" алгачкы жолу унаалар сатылып алынды. Лада 2114 үлгүсүндөгү унаалар GPS навигатор, видеорегистратор жана акча каражатын ташуу үчүн атайын темир кутучалары менен камсыздалган.