Президент Алмазбек Атамбаев "Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 3-ноябрда президенттик аппараттан билдиришти.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2-ноябрда кабыл алган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ага ылайык, 2016-жылдын 11-декабрында өлкөдө референдум өтөт. Жалпы элдик добуш берүүгө "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору коюлат.