SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Балдызым азыр сүйүктүүм" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Мурдагы сүйүктүүңөрдүн досун, тууганын же эжесин, сиңдисин алуу оюңарда барбы? Ушундай окуялар баштан өттү беле?"
"Бир таанышымдын тууганы үйлөнүп, балдызын да пайдаланып жүрүптүр. Алар Москва шаарында күйөөсү, аялы, балдызы болуп чогуу бир үйдө жашачу экен. Күйөөсү аялын аябай уруп, үйүнөн кууп чыгарып жатканда, балдызы чекеде күлүп карап турчу. Аялы күйөөсүнүн ур-соккусунан кутулуу үчүн үйүнөн качып, таңды ар жерде тосуп жүрүптүр. Ошондой маалдарда күйөөсү менен сиңдиси түндү чогуу өткөрчү экен. Тобо деп жакамды кармадым. Азыр кичүү кызын үй-бүлөсү, ата-энеси кечип жиберген деп уктум. Ал эми эжеси күйөөсү менен ажырашып, башкага турмушка чыгып кетти. Баягы шүмшүк 3-аялын алды".
"Мурдагы сүйүктүүңдү эске салчу жагдайдан алыс эле болуп, миллион чакырым узак жүргөн жакшы го деп ойлойм. Бетиңди тамдай кылып жашай албайсың го. Анткени бирөөнү сүйөм-күйөм деп жүрүп, кийин анын тааныш адамына баш кошуп алуу ар биринин колунан келбесе керек. Же кыргызчылыкта боло береби?"
"Тагдырдын сыноосу болуп, эжесинин көзү өтүп кеткен учурда, балдар үчүн жездесине турмушка чыккандар бар. Бирок шайтан азгыргандардан Кудай сактасын".
"Менин алыскы тууганым бар. Ал жубайы менен 8 жыл жашап, балалуу боло алышкан жок. Кийин балдызына үйлөнүп алыптыр. Азыр балалуу болуп, жакшы жашап жатышыптыр. Эжеси эмне болгонун билбейм".
"Мен, тескерисинче, жолдошу өтө жаш каза болуп калып, кайнисине турмушка чыгып калгандар тууралуу уккан экенмин".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.