Бүгүн, 3-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2-ноябрда кабыл алган эле. Ошентип, 2016-жылдын 11-декабрында референдум өткөрүү аракетин президент бекемдеди. Долбоорду тез арада кабыл алууга бийлик канчалык кызыкдар экени дагы бир жолу далилденди, парламент кабыл алган мыйзамга 1 сутка өтө электе президенттин колу коюлуп, автоматтык түрдө күчүнө кирди. Бул сейрек кездешүүчү көрүнүш. Жакында Конституцияны өзгөртүүгө керектүү "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору ушундай эле тездик менен күчүнө кирген. Мыйзамды парламент 26-октябрда кабыл алса, 31-октябрда президент кол койду. Мындай тездикти мурунку "Күнсерепте" жазып, эгерде Жогорку Кеңеш референдумду 11-декабрда өткөрүүнү жактырса, анда 1 аптага жетпей ал документ күчүнө кирери күтүлөрүн айткан элек. Убакыт сунуштоодо марттык кылыппыз, 1 апта эмес, 1 суткага жетпей күчүнө кирди.
Долбоордон шектенүүгө авторлор өздөрү негиз берип жатышат. Конституцияны өзгөртүү долбоорунун акыркы вариантын КСДП анализ жүргүзүү үчүн Венеция комиссиясына бербей жатканын жарандык активист Динара Ошурахунова айтып чыккан эле. Бирок спикер Чыныбай Турсунбеков Ошурахунованы провокатор атап, эгерде Венеция комиссиясы сураса долбоорду берүүгө даяр экенин айткан. Парламенттин юридика бөлүмү Жарандык көзөмөл комитетинин "Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун Венеция комиссиясына талдоого жиберүү сунушунан баш тартканы ачыкка чыкты. Жогорку Кеңештин жообунда Кыргыз Республикасы тышкы жана ички саясатты өз алдынча жүргүзгөн эгемендүү өлкө экени, эл аралык уюмдар мамлекеттин ички ишине кийлигише албасы, андыктан документти анализге жиберүүгө негиз жоктугу айтылат. Буга чейин Венеция комиссиясынын төрагасы Конституцияны өзгөртүү демилгеси шашпай, дыкат талкууланышы керектигин айтып чыккан. Үстүбүздөгү жылдын августунда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов да Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүүгө тийиштүү мыйзам долбоорлорун укуктук экспертизадан өткөрүү сунушу менен Венеция комиссиясына кайрылган. Бирок бийликке бул комиссиянын корутундусунун керексиз экени көрүнүүдө. Депутаттарга кресло сатып алууда кереги тийген эл аралык уюмдардын бийликтин долбоорундагы тобокелдиктерди анализдөөгө кереги жок болуп чыкканы өкүнүчтүү. Жөнөкөй суроо туулат: Эмнеден коркуп жатышат? Азыркыдай жай турмушта эмес, 2010-жылкы оор кырдаалда жазылган азыркы Конституция да Венеция комиссиясынын жана башка эл аралык уюмдардын экспертизасынан өтпөдү беле. Эртең менен бирди, түштөн кийин башканы айтуу демилгечилердин адатына айландыбы? КСДПнын лидери Иса Өмүркулов дайыма "оппоненттер Конституцияга өзгөртүүлөр коркунучтуу экенин айтышат, бирок кайсы жери коркунучтуу экенин айтып бере алышпайт" деп сындап келди. Парламенттин 2-ноябрдагы жыйынында да айтты. Депутат Аида Салянова сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн коркунучтуу делген нормаларын бир-бирден санап, Өмүркуловго "Ушунун баары силерге конкреттүү мисал эмей эмне? Элге каратып туруп жалган айтуудан уялбайсыңарбы?" деди. Адаттагыдай жөндүү суроо жоопсуз калды.
Күтүлгөндөй эле жаңы коалициянын курамы Конституция боюнча мыйзам Жогорку Кеңештен өткөрүлгөндөн кийин аныкталды. Жаңы альянска КСДП (38 мандат), "Кыргызстан" (18 мандат) жана "Бир бол" (12 мандат) фракциялары кирип, жетекчилигине Иса Өмүркулов шайланды. Оппозицияда "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата Журт" фракциялары калды. Жаңы биримдик премьер-министрди алмаштырбай турган болду, Сооронбай Жээнбеков ордунда калат. КСДП мурунку коалициянын тарашына "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларындагы акаевдик-бакиевдик кадрларды, алар менен тил табышуу мүмкүн болбой калганын шылтоо кылган эле. Иса Өмүркулов муну парламенттин кечээги жыйынында тастыктады. Сыр эмес, башкаларга салыштырмалуу Акаев-Бакиев менен иштешкендердин көбү "Бир болдо". КСДП бүгүн накта акаевчилер-бакиевчилер менен бирикти. Бийликтин мындан башка аргасы калган эмес эле, акаевчи-бакиевчилер катарында жок, революциялаш өнөктөшү "Ата Мекенден" жүз буруп, Конституцияны өзгөртүүгө жетишүү үчүн накта "душмандары" менен кучакташты. Президент Алмазбек Атамбаев 20-октябрда Бишкекте коомдук иш-чаралардын биринде дал ушул "Бир бол" фракциясын катыра сындап, "убагында Курманбек Бакиевди жандап жүргөндөр бүгүн "Бир бол" партиясына топтолуп алышты" деген. "Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов бийликтин азгырыгына алдырды, премьерлик кызмат КСДПнын өзүндө калды. Конституцияны өзгөртүүгө ачуу сындарды айтып жатышкан Мыктыбек Абдылдаев, Чолпон Жакупова сыяктуу депутаттар лидерин бийликтин "сыйкырдуу таягынан" сактап кала алышкан жок...