SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Ий-ий, момпось! Уйкуң келгенде катуу идиш да жумшак жаздык болуп берет" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Sweet_lady).
Видеодо бала бакчадагы кичинекей балдардын тамактанып жатканы көрсөтүлөт. Алардын арасынан бирөөнүн уйкусу келип, столдо араң отурганы байкалат. Бала уйку баарын жеңип баратканда тамак ичкен идишин көмкөрүп, жаздык кылып башын жөлөп уктап калат. Социалдык тармактарда баланын бул кылганы көпчүлүккө жагымдуу жылмаюуну жараткан.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.