Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынан эки депутат Чолпон Жакупова жана Мыктыбек Абдылдаев коалициялык көпчүлүккө кирүүдөн баш тартты. Бул тууралуу алар бүгүн, 4-ноябрда SUPER.KG порталына ырасташты.
Алардын айтымында, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн референдумду өткөрүүгө каршы позициялары коалициялык келишимге кол койбоого себеп болду.
Айта кетсек, кечээ, 3-ноябрда жаңы альянс түзүлүп, ага КСДП (38 мандат), "Кыргызстан" (18 мандат) жана "Бир бол" (12 мандат) фракциялары кирип, жетекчилигине Иса Өмүркулов шайланды. Оппозицияда "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата Журт" фракциялары калды.