"Самсунг" компаниясынын 23 топ-менеджери Кытайда өткөн иш-чарада тизе бүгүп, кардарларынан кечирим сурашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, компания өкүлдөрүнүн мындай жолго барышына Samsung Galaxy Note 7 үлгүсүндөгү уюлдук телефондорунун сатыктан алынышы себеп болгон. Буга чейин аталган үлгүдөгү телефондордун кубаттандыргычынын жарылышынан улам күйүп кеткен учурлар көп катталган. Буга байланыштуу компания Samsung Galaxy Note 7 телефонун чыгарууну жана сатууну токтоткон.