"1 миллион 716 миң сомго сатылып алынган 01 777 ААА номуру Бишкекте Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаадан байкалды", - деп 7-ноябрда интернет-колдонуучулар жазып чыгышты. Интернеттеги социалдык тармактарда бул сүрөттөр учурда кызуу талкууланууда. Аталган унаадагы "крутой" номер фотошоп менен жасалган болушу мүмкүн деген пикирлер да айтылууда.
Айта кетсек, унаа базарларында Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаалардын баасы 102 миң сомдон 204 миң сомго чейин.