Кыргыз жергесине Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү келди

Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди. Ал өлкөдө 12-ноябрга чейин болот. Бул тууралуу ЕБнын республикадагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Сапар алкагында ал 10-11-ноябрда өтө турган “Борбор Азиядагы экстремизмдин алдын алуу – коомдоштук деңгээлиндеги чакырыктар жана таасирденүү” деп аталган аймактык конференцияга катышат.

Иш-чара 2016-жылдын май айында Евробиримдик жана Борбор Азия ортосундагы саясат менен коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдун негизинде жетишилген макулдашуулардын, ошондой эле октябрда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен Европа Биримдигинин ортосундагы жолугушуунун алкагында уюштурулууда.

Мындан тышкары Петер Буриан кыргыз өкмөтү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт. Жолугушуу учурунда өлкөдөгү конституциялык реформалар туурасында дагы сөз жүрөт.

Евробиримдиктин атайын өкүлү 8-ноябрда Ош шаарына дагы барып, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү борборлордун кызматкерлери үчүн уюштурулган семинарга катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан