Ош шаарында эртең Эл аралык жаштар күнүнө карата жумалык башталат

Ош шаарында эртең, 10-ноябрда Эл аралык жаштар күнүнө карата жумалык башталат. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Суербек Аманиллаев билдирди.

"Ош шаарынын Жаштар комитети жаштардын маданий эс алуусун, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, коомдук иштерге активдүү катышууга үндөө жана мекенчилдик сезимдерди арттыруу максатында аталган иш-чараны өткөрүп жатат", - деп билдирди комитеттин төрагасы.

Маалыматка ылайык, өткөрүлүүчү жумалыкта спорттук оюндар, маданий иш-чаралар уюштурулмакчы. Ошондой эле жаштардын чечендик өнөрүн арттырууга багытталган дебат өтөт. Мындан сырткары жаш дизайнерлерди колдоо максатында алардын эмгектери көргөзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан