Бүгүн, 9-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине талапкер Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште программасын тааныштырып жатып айылдагы китепканаларга эч ким кирбей калганын жана алар ашыкча чыгым жаратып жатканын айткан. Жээнбековдун бул сөзүнө китепкана кызматкерлери жана китеп сүйүүчүлөр нааразычылык билдиришти. SUPER.KG порталына байланышып, Бишкек шаарындагы китепканалардын биринин кызматкери экенин айткан тургун буларга токтолду:
“Качан эле өкмөт бизге кыйратып эмгек акы төлөп берип койду эле? Айрымдары чатырынан суу тамган имаратта китеп сүйүүчүлөрүнө кызмат кылып келишет. Айыл тургундары бир китеп окуш үчүн район борборуна барышы керекпи? Китепканаларды жапса эле бюджет толуп кетмек беле? Тескерисинче, аларды оңдоп, жаңы китептерди алып келиш керек”.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, учурда өлкө аймагында жалпы 1061 китепкана бар.