Түркиянын Анкара шаарында кыргыз диаспорасы жабылып калды. Муну 9-ноябрда парламент жыйынында депутат Дамирбек Асылбек уулу билдирип, бул боюнча тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаевдин пикирин сурады. Депутат Кыргыз мамлекети менен Түркиянын ортосунда визасыз режим күчүндө экенин, Кыргыз Республикасынын көптөгөн жарандары аталган өлкөдө иштеп жүрүшкөнүн белгиледи. Абдылдаев маалыматты тастыктап, диаспора эмне себептен жабылганын элчилик аркылуу тактоо зарылдыгын айтты.
Акыркы мезгилде кыргыз-түрк мамилеси муздай түшкөнү жашыруун эмес. Оппозициялык маанайдагы саясатчылар буга президент Алмазбек Атамбаевдин тышкы саясаттагы орунсуз кадамдары, Түркия жетекчилигинин дарегине айткан сындары себеп болгонун айтып келишет.
Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы жана программасы каралууда. Депутаттар бүгүн өкмөт жетекчисин жана мүчөлөрүн шайлашат.