Бүгүн, 19-апрелде "Жаз-Бишкек-Жаз" аттуу Эл аралык фестивалдын көркөм жетекчиси Каныкей Мухтарова журналисттер менен жолугушуп, анда кыргыз элинин унутта калган жетиген аспабы кайрадан жанданып чыгарын айтты. “Бул аспап тууралуу “Манас” эпосунда айтылган. Аны кыргыздар көчүп-конуп жүргөн кезинде унутта калтырышкан. Ал эми "Жаз-Бишкек-Жаз" аттуу Эл аралык фестивалынын бир максаты - Орто Азиядагы музыканын деңгээлин өстүрүү болсо, экинчиси - унутта калган аспаптарды кайрадан жандандыруу. Мындан улам кедр багынан жасалган жетиген аспабын Хакасиядан 15 миң рублга сатып алдык. Аны кыргызстандыктар жаңгак багынан жасаса болот. Жылдын аягында жетиген аспабында ойногонду үйрөнөбүз”,- деди ал.