Ырчы Аида Кулуеванын “Кыялда” аттуу жаңы ыры чыкты. Ырдын сөзү Кыялбек Урманбетовго, обону Эрмек Мамбетов менен Мирлан Ниязалиевге таандык. “Мурдагы ырларымдан өзгөчөлөнтүп бул ирет Эрмек Мамбетов обонун абдан назик кылып чыгарды. Албетте, сүйүү жөнүндө кыялданып ырдагам. Айта кетчү нерсе, бул чыгармам менин сүйлөшкөн жигитиме арналат”,- деди ырчы айым. Ал эми жакын арада аталган ырдын клиби да тартылмакчы.