2016-жылдын 9-ноябрында капиталдык оңдоодон кийин "Дельфин" кышкы бассейни ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-ноябрда билдирди.
Бассейн 2011-жылдын август айында жабылган. Оңдоо-калыбына келтирүү иштери 2016-жылы гана башталган. Оңдоо иштерин сынактан жеңип чыккан ишкана 3 айда бүтүргөнү маалым болду. Буга шаардык бюджеттен 57 миллион сом каражат бөлүнгөн. Ачылышына мэр, шаар тургундары, мектеп окуучулары катышышкан.
"Көптөн күткөн шаардык "Дельфин" бассейни оңдоо иштеринен кийин ачылып, шаар тургундарын, кичинекей жашоочуларын жана спортчуларын кубандырууда. "Спорт - ден соолуктун булагы" деген жакшы сөз бар. Спорт менен машыгып, ден соолугубузду чыңдайлы", - деген өз сөзүндө шаардын мэри Албек Ибраимов.
"Дельфин" адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик мектеби 1957-жылы ачылган, Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгынын балансында.