Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдин ичинде 4-ноябрь күнү ири жол кырсыгы катталды. Оор жүк ташуучу унаанын тормозу кармабай 3 жеңил унааны сүзүп, 4 адам каза таап, 8 адам ар түрдүү жаракаттарды алган эле. Бишкектеги окуу жайлардын биринин студенти, 21 жаштагы Манас Мамбеталиев үчүн да ал каргашалуу түн өмүр бою унутулгус болду. Себеби ошол түнү ал досу Элдияр менен Ошко тойго жөнөп, аргасыздан адам өмүрлөрүн алган жол кырсыгынын күбөсү болуп жана куткаруучунун да ролун аткарган. Ал түн тууралуу бүгүн, 10-ноябрда SUPER.KG порталы менен бөлүштү.
"Өзүм Жалал-Абаддан болом, ал окуя болгон түнү досум Элдияр экөөбүз Ошко дагы бир досубуздун үйлөнүү тоюна жөнөдүк эле. Досумдун Ошко болгон алгачкы сапары болгондуктан, ага кооз жерлерди көрсөтүп, сүрөткө түшүп баратканбыз. Кыскасы, көтөрүңкү маанайда болчубуз. Тоннелден өтүп баратып досум телефонун таппай, аны жолдон түшүрүп койгонун айтып, кайра кайттык. Ал убакыт аралыгында адам өлүмү менен коштолгон ири жол кырсыгы орун алып кетиптир. Кайра тоннелге кирип эле алгачкылардан болуп жагымсыз көрүнүшкө күбө болдук. Кыйкырыктар, жардам сурагандардын үнү кулагыбызда жаңырып жатты. Оор жүк ташуучу унаанын капталына бир унаа кыпчылып калган экен, экинчиси анын алдына кирип кеткен. Унаалардын ичинде алсыз, кансырап жардам сурагандар. Бир унаа түтөп баштаган болчу. Бул кырдаалга туш болгон айрымдар өрт чыгып кетет деп коркуп, өз жанын ойлоп артка басып кетишти, биз анте алган жокпуз. Эң биринчи эле мен "Авария!" деп кыйкырып, унаадан чыга калып чуркадым. Артымдан досум чуркап келе калды. Айланада ызы-чуу, кыйкырыктар эле угулуп жатты. Алыс эмес жерде турган куткаруучулар да жетип келип, оор жүк ташуучу унаанын алдында калган БМВ унаасындагылар жардамга муктаж эместигин жана каза болуп калышканын айтышты. Биз Хонда Степ унаасында кыпчылып калгандарды чыгарууга көмөктөшө баштадык. Жабыркагандар оор жаракат алышы мүмкүн деген ойдо колубуздан келишинче кылдаттык менен аларды бирден чыгара баштадык", - дейт М.Мамбеталиев.
Анын айтымында, тоннелде жалпысынан 2 саатка жакын убакыт болушкан. Ал эми куткаруу иштери аяктап сыртка чыкканда жанындагы досу кан кускан.
"Ууланып калган окшойбуз, сыртка чыккандан кийин бир аз кыйналдык. Кайтып келгенде дары-дармек ичип ден соолугубузду бекемдедик", - деп кошумчалайт Мамбеталиев.
Айта кетсек, 4-ноябрда саат 21:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаанын тормозу кармабай 3 жеңил унаа (БМВ, Хонда Степ жана Субару) менен сүзүшкөн. БМВ үлгүсүндөгү унаанын ичинде 5 адам болгон, анын төртөө каза болуп, бирөөсү жабыркаган. Хонда Степ унаасынын ичинде 8 адам болгон, анын ичинен 6 адам жабыркап, 2 адам жабыркаган эмес. Ошондой эле Субару үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги 2 адамдын эч кимиси жабыркаган эмес. Чоң жүк ташуучу унаанын ичиндеги 2 жүргүнчү жеңил жаракат алышкан. Каза тапкан 4 адам бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Ал эми жол кырсыгынан жабыркагандардын көпчүлүгүнүн колу-буту сынып, баш мээси чайкалган. Жабыркаган 8 адам алгач Жайыл райондук ооруканасына жеткирилип, кийин алардын алтоо Бишкектеги №4-ооруканага жөнөтүлгөн.