Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк шоппинг күнү. Бул күндү майрам катары белгилөө демилгесин 2009-жылы Кытайдын белгилүү интернет-дүкөндөрүнүн бири өзүнүн сатып алуучуларынын санын көбөйтүү максатында көтөрүп чыккан. Интернет-дүкөн 2009-жылы 11-ноябрда товарларына болуп көрбөгөндөй чоң сатып түгөтүү жарыялап, ага калган дүкөндөр дагы кошулушкан. Ошол күндөн тарта жыл сайын 11-ноябрда белгилүү дүкөндөрдө кардарларга майрамдык акциялар, арзандатуулар, алардын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында сынактар, лотереялар өткөрүлүп турат. 2013-жылы 11-ноябрда демилгени көтөрүп чыккан кытайлык интернет-дүкөн аркылуу майрамдын урматына миллиондогон адам соода кылып, 5,8 миллиард АКШ доллары менен киреше түшкөн. Бул күнү дүкөндөрдөгү эң көп өтүүчү товарлар - гаджеттер, мобилдик байланыш каражаттары, техника буюмдары.
11-ноябрга карата жылнаама.