Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы "Эгемендүүлүктүн 25 жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата мунапыс тууралуу" мыйзамды аткарды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы бүгүн, 11-ноябрда билдирди.
"Бул мыйзамды аткаруунун жыйынтыгында түзөтүү, тарбиялоо абактарында, жатак-абакта, тергөө камак жайларында жаза өтөп жаткандардын 1277сине мунапыс берилди. Алардын ичинен жаза өтөөдөн 104 адам, абактан качкандардын 10у бошотулса, абактагы 1163үнүн жаза өтөө убактысы кыскартылып, мунапыска ээ болушту", - деп айтылат маалыматта.
Жогоруда аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 9-августунан 9-ноябрына чейин аткарылышы керек болчу.