Жыл башынан бери өлкө аймагында 357 карышкыр, 25 бөлтүрүк жана 928 чөө жок кылынган. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Аңчылык департаментинин адиси Баатыр Абдраимов SUPER.KG порталына билдирди.
Баатыр Абдраимовдун айтымында, карышкырдын адамдарга кол салуусу боюнча жыл башынан бери 4 учур катталган. Кочкордогу 8-ноябрдагы окуя бешинчиси болуп калды.
“Карышкыр менен чөөдөн 132 ири мүйүздүү мал, 63 топоз, 249 жылкы, 49 эшек, 527 кой-эчки жабыркаган. Ошондой эле атылып өлтүрүлгөн 142 баш карышкырга 852 миң сом, 682 баш чөөгө 1 миллион 364 миң сом сыйлык берилген”, - деди Баатыр Абдраимов.
Буга чейин жергиликтүү тургун Ак-Жар айылындагы сарайлардын биринде 4-класстын окуучусуна карышкыр кол салганын билдирген эле.