SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздыкты тиктирүү" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Менин бир сиңдим жакында турмушка чыккан. Нике түнүндө күйөө бала кыздыгын алам деп чоң айрып салыптыр. Негизи, төрөгөндө да анчалык айрылбайт болчу, анан өтө көп кан кетип жатканынан ооруканага алып барып тиктиришиптир. Эми сиңдимдин кайнежелери "бул келин буга чейин тиктирген, ошондуктан айрылып кеткен" деп сөз чыгарып жатышат. Сиңдим турмушка чыгардын алдында Москвада иштеп жүргөн. Ал жакта кантип жүргөнүн эч ким билбейт, эжем да өтө шашып өзү күйөө таап берип койгон. Азыр эжем күйөө баласынан көрүп жатат. Бала тараптагылар кызды тиктирген деп ойлоп жатышат. Эмне болгондо мынчалык айрылып кетиши мүмкүн? Же күйөө баладан да болобу? Сиңдимден "Мурда эч ким менен болгон эмессиңби?" деп сурасак, "Мени эмне деп ойлоп жатасыңар?" деп жооп бербей жатат".
"Себебин бир Кудай менен сиңдиң билет. Жакшылап сурап эле билсеңер болот".
"Балким, сиңдиң жаштык кылып койгондур. Мүмкүн, ал чынында эле актыр. Балага "бир аз өзүңдү карма" дебейт белеңер. Нике түндө мал сыяктуу үстүнө ашпай, эрежеси менен эле өткөрсө болот го. Биз жакта да бир бала нике түндө кызга ошондой орой иш кылган экен. Бала кармана албай калгандыктан, болочок аялыныкы айрылмак турсун ээси ооп калган экен".
"Чындыкты бир сиңдиңиз жана Жараткан билет. Балким, күнөө күйөө балаңызда. Кыздык назик эле нерсе, аны анчалык канатып, айрып-жырыштын кереги жок болчу. Алдыңбы болду, кыз көрбөгөнсүп байкушту кыйнабай чыгып кет. Ушундай нерселердин алдын алуу үчүн жеңелер эшиктин алдында отурушат, аларды да "аңдыйт" деп жаман көрүшөт. Кызынын жеңелери кызы таза экенин көрсөтүп, кийин сөз болбош үчүн барышат. Гинеколог эмнеге анча кан кеткенин билсе керек. Эгер мурун кыздыгы тигилген болсо, аны деле аныктоо мүмкүн болуш керек. Сиңдиңиз сүйлөшүп жүрүп тийди беле күйөөгө? Эл-журтка жарыя кылбай эле экөө чечип алышса болот".
"Гинеколог анча-мынча нерселерди үй-бүлөнү бузбоо үчүн айтпайт экен. Күйөө бала экөө сүйлөшпөй эле, кыздын апасы Москвадан чакыртып берип койгон. Алар экөө тең жаш. Мындай нерселерди эки жаш эле сактабаса, баары бир эл-журтка жарыя болот экен да".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.