SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Made in Kyrgyzstan" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Бир мекемедеги ашпозчу кызматкердин башынан өткөн көйгөйүн талкуулап көрүүнү туура деп чечтим. Ал кызматкер Казакстандан келген азык-түлүктөрдү колдонгону үчүн жумуштан чыгарылыптыр. Анын айтымында, сапаттуу азык-түлүктөр Казакстандан келет. Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн чыккан азык-түлүк анча эмес деген ойдо экен. Силердин көз карашыңар кандай?"
"Кыргыз, Казакстан деп тандабайм, мен үчүн товар сапаттуу болгону эле жетиштүү. Бирок ошол эле мезгилде ата мекендик товарларды колдошубуз зарыл деп эсептейм. Мисалы, "Кока-Кола", "Фантаны" көп ичпей, бизден чыккан суусундуктарды алганыбыз туурабы деп ойлойм. Бирок ар кимдин ою башка болушу да ыктымал".
"Кыргыз өлкөсүнөн чыккан товарлардын баары сапаттуу. Мен дайыма өлкөбүздө өндүрүлгөн нерсени сатып алганга аракет кылам. Кытай, Өзбекстандан келген товарларга караганда сапаты жакшы, бирок акчасы да кымбатыраак болуп калат. Биздин товарларды Орусияда да жакшы деп баалайт. Кыргыздын коньягын орустар укса суусашат, кийим-кечелерде "Кыргызстан" деген жазуусу болсо эле ала беришет. Кытайдан алып келе жаткан товарлар жолдон эле "Made in Kyrgyzstan`га" айланып калып жатат. "Кыргыз мамлекетинде чыгарылган" товар деп элди алдап сатып жатышат".
"Кыргыздын азыркы учурда кийим-кечесинин сапаты мыкты болуп калды. Анан да лампочкабыздын сапаты менен мактансак болот. Кытайлар лампочканын сапатын карап, "силер өтө сапаттуу кылып чыгарат экенсиңер, мындай кылып чыгарсаңар эч качан өлкөңөр өнүкпөйт" деп айткан имиш. Аларга окшоп сапатсыз кылып чыгарса, лампочкалар бат-баттан күйүп кайрадан сатып алууга туура келет. Мына ушуну бизнес деп айтат экен".
"Made in Kyrgyzstan" деген жазууну көрсөм, бир башкача сезимде болом. Өз өлкөмдүн товарын алганга аракет жасайм, анткени сапаты жагынан мыкты".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.