Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Малабековго сөгүш жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 19-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, аталган жарандын ишиндеги кемчиликтери үчүн сөгүш жарыялоо сунушу 12-апрелдеги өкмөттүн жыйынында айтылган болчу.