Өлкөнүн мусулмандарынын муфтийи Максатбек Токтомушев Беларуста өткөн экстремизмге каршы күрөшүү боюнча тегерек столго катышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда муфтияттан билдиришти.
"Минск шаарында дин аалымдарынын катышуусунда өткөн тегерек столдун жүрүшүндө тынчтыкты сактоодо диний уюмдардын ролу, эл арасында диндер аралык ынтымакты жана достукту бекемдөө, экстремизмге каршы күрөшүү сыяктуу бир топ темалар талкууланды. Аталган иш-чарада Кыргыз Республикасынан барган муфтий ислам түшүнүгүн өнүктүрүү, диний уюмдар жана өкмөттүн ортосунда өз ара тыгыз мамилени бекемдөө жаатындагы баяндамасын окуп, экстремизмдин алдын алууда биргеликте иш алып баруу зарылдыгын айтты", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Минск шаарында өткөрүлгөн тегерек столго белгилүү окумуштуулар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышышты.