Борбор калаада унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо рейди жүрүп жатат

Бишкек шаарынын мэриясы Мамлекеттик салык кызматы жана Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгы менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо рейдин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэрия маалымдайт.

"Текшерүү учурунда айдоочулардан квитанциялар жана төлөм бергендиги тууралуу чаптама кагаздар текшерилүүдө. Андыктан Бишкек шаарынын мэриясы бардык айдоочулардан тиешелүү документтерди жанына алып жүрүүсүн суранат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, унаа үчүн салык төлөөнүн акыркы күнү 1-сентябрда бүткөн. Салык кызматынын басма сөз кызматы 19-октябрда 1,5 айда унаа үчүн салык төлөбөгөн 1000ден ашык айдоочуга айып салынганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azahan
2016-11-14 14:47:15
Урматуу super газ менен жургон авто унааларга да жаны эрежелер кириптирго ошол туралу да маалымат кутобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан