Беларустагы 1 миллиард долларлык долбоорду Курманбек Бакиев каржылай турганы айтылды

1 миллиард доллар керектелчү "Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорациясы" долбоорун мурдагы президент Курманбек Бакиев каржылай турганы айтылды. Бул тууралуу TUT.BY басылмасына маалымдалган булактары айткан.

Аталган корпорация Александр Лукашенконун буйругу менен 2016-жылдын 11-августунда каттоодон өткөн. Ал Минск облусунун Руденск шаарындагы 160 гектар аянтта тоют жана ага кошумча заттарды өндүрүүгө багытталган жогорку технологиялык агроөндүрүштүк комплекс катары түзүлөт. Президенттин жарлыгына ылайык, каржылоо "Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорациясынын" жеке каражатынын, ошондой эле насыя жана карыз иретинде алынган акчалардын эсебинен ишке ашырылат.

"Басылманын маалыматына ылайык, долбоордун артында Курманбек Бакиев жана анын балдары турат. Кыргыз жергесинде бийликте турган учурда алар мындай долбоорлор менен иштешкен", - деп жазган басылма.

Курманбек Бакиевдин жакында эле "Минск" мейманканасына жетекчи болгон аялы өз өкүлү аркылуу ага долбоор тууралуу эч нерсе белгисиз экенин айттырган.

Бул долбоор 2016-2032-жылдарга пландаштырылганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (64)
tashi62
2016-11-14 14:39:01
Жакшы иш болуптур азамат экен .
+4
Solanum
2016-11-14 14:39:20
Оштуктар коп
-4
Nurtilek001
2016-11-14 14:51:22
Мамлекеттин акчасын жеп алып барып Лукащенкого жагыныш учун кылып атат да, Бакиев жонундо мактоо эмес ал жонундо вообще соз кылуунун кажети жок, татыксыз адам, бул жерде Бакиевчилер коп окшойт жалан минус баскан.
-7
yasmina_kg
2016-11-14 15:27:12
Nurtilek001,Туура .
-8
tashi62
2016-11-14 14:54:39
ХХХ ХХХ.
0
admin_portal
2016-11-14 15:15:03
tashi62, кимдир-бирөөнү кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
+4
Gema
2016-11-14 14:57:57
Кырзыз тилдуу Супер kg ни жалан ХХХ окуйру ушу комментарйилерден билиниптир))
-11
lady.girl7997
2016-11-14 16:02:06
Gema,уят эле!!! Бетине ХХХ ХХХ сага...
+3
admin_portal
2016-11-14 16:16:19
lady.girl7997, кимдир-бирөөнү кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
Gema
2016-11-14 18:33:44
lady.girl7997,как оно есть)
-1
admin_portal
2016-11-14 16:17:31
Gema, Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
+1
Mers124
2016-11-14 15:07:42
бир млрд доллар деген Акча салынган дипломаттан 1000 даана. Элестеткиле. Бул акчаны Бакиев каяктан алган. Мындай акчаны президент болуп миндеген жыл иштесе да тапмак эмес. Атамбаев деле ошол. Президенттин баары кыргыздын шору болду го. Анан да Бакиев акчасынын бир болугу кана болушу керек.
+9
tursunbaev78
2016-11-15 00:52:43
Mers124,1 миллиард доллар 8-тонна болот
0
Maks_shop
2016-11-14 16:33:05
Жакшыы которуло беришсин бизде коро алышкан жок эч болбосо ал жакта жон койгула
+5
kudaiberdieva98
2016-11-14 16:57:43
Бакиев Атамбаевге караганда жакшы иштеген...башы иштейт экен Бакиевдин...калп эле отуруп алып соз кылгандын кереги жок озунор президент болсонор деле ошону кылмаксынар
-1
Aytur
2016-11-14 17:37:40
Бакиев аппак эмес болгону ал Ош Жалал абадты президент болуп турганда аябай гулдотуп коп жерлерин кооз кылды ошондуктан ал жактагылар колдошот.
Ал эми оштуктар Южный Кыргызстан болуп болунуп кетсе Таджикистан Озбекстан басып алат жана биз эч кандай Южный же Северной болуп болуно албай мамлекет деген статусубузду жоготуп улуттун жоголуусуна салым кошобуз.
Трайболизм биздин тубубуго жететго!
Тундук туштук деп болунуудон жаш турмуш курган уй булоолор да коп кыйналышат бири аркалык
-1
Aytur
2016-11-14 17:38:53
Ата энелер баш болуп каршы чыгышып. Озумда ошол жаш уй булоолордун катарына кирем азыркы кунго чейин тундук туштук тугонбой келет 5 жылдан бери
+4
Nur1k
2016-11-14 19:51:07
Азыр Атамбаев каржылайт экен дегенде бакиевчилер дурболон салмаксынар Кокуй карызды толосо болмок, акчаны элден алды, олду эми деп. Бакиев каржыласа кучтуу кучтуу дейсинер кана справедливость? Мен Атамбаевди жактабайм но чындык болуш керек да туугандар? 1 миллиард сом дагы эмес доллар каяктан алды дейсинер? Чындык керек чындык!
-1
aash
2016-11-14 20:45:33
Бакиев Кыргыз жерин саткан, элден качкан президент.
+2
kudaiberdieva98
2016-11-15 18:55:42
aash, ким качырган кармап калбайт беленер
0
mishonia8077
2016-11-16 10:47:48
Мммм...даа ушунча акчанын да сурагы болот.Кантип сарысанаа болбойт Аллахтын алдына барганда эмне деп жооп берем деп.Бул жалган дуйнодо туболукко калчудай болушат баары эле.Биякта чалчандап гана жашап атасынарбы тиги дуйнодо Аллахым куйкалаганда окуноорсунор каап деп.
0
mishonia8077
2016-11-16 10:49:28
Акча кара жерге кирсин,деги эле ааламда тынччылык болсун,токчулук аманчылык болсун!!!
0
mishonia8077
2016-11-16 10:53:34
Бул дуйнонун жыргалчылыгы бир тыйынга да татыбай калганда эсинерге келесинер бирок баары кеч болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан