Бишкек шаардык мэриясы: "2017-жылы Бишкекке жаңы автобус жана троллейбустар алынып келинет"

2017-жылы Бишкекке 500дөн ашуун автобус, 100гө жакын троллейбус алынып келинет. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан Гуля Алмамбетова билдирди.

"Бүгүнкү күндө мэриянын алдында атайын жумушчу топ түзүлүп, инвестиция тартуу боюнча иш жүрүүдө. Мэрия 2017-жылдын ичинде жаңы, сапаттуу автоунааларды сатып алуу боюнча долбоор иштеп чыгуунун үстүндө аракеттенип жатат. Азырынча даярдык иштери көрүлүүдө. Тендердик этапка да жете элекпиз. Ошол эле учурда сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө арзан баадагы унааларга эмес, алынып келинүүчү унаалардын сапатына көңүл бурулуп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, буга чейин шаар мэри Албек Ибраимов студенттер менен жолугушуу учурунда Бишкекте күнүгө 150 автобус чыгарын, алар 2004-жылдан бери пайдаланылып, иштөө мөөнөттөрү бүтүп, эскирип калганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
urmich-23
2016-11-14 17:53:04
Автобустар Тулеев мэр кекезинен да эрте келгенго анда Мэриядагылар качан келгенин карап койушса болмок экен. калп айтат десе эле калп айта бербей
+1
Mongol1155
2016-11-14 18:12:12
Автобус болсо Венгриянын Икарус автоунаасын алып келген он.
+2
oscar
2016-11-14 20:01:58
Mongol1155,туура айтасын Кытайдан арзанын
алып сапаты жок болгуча
+2
future_kg
2016-11-14 19:18:33
Менин билишимче 2008 ден кийин келсе керек эле)
0
Nur92
2016-11-15 10:44:54
Троллейбусстарды эртерээк алып келсе жакшы болмок,кобунчосу эски сапаты начар..кобу бузулуп базада турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан