КҮНСЕРЕП: Текебаевди камакка алуу учурдагы бийликтин өмүрүн кыскартышы мүмкүн

Бүгүн, 14-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бул аптанын биринчи күнү Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөт аралыгындагы эң оор күндөрдүн бири катары эсте калышы мүмкүн. Ажо адегенде чекисттердин башчысын, андан кийин башкы прокурорду кабыл алды.

Бул эки жолугушуунун биринчисинен баштасак. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев мурдагы жогорку кызматтагы 3 адамдын “Мегакомдун” чуусуна байланышы бар делген документтерди мамлекет башчысына көрсөттү. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү бул 3 адамды тергеп алганы менен, коомчулук сөздүн төркүнү Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Саляновага барып такаларын илгиртпей түшүндү. 2012-жылы “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун (“Мегаком”) улутташтырыла элек акцияларын сатуудан түшкөн 50 миллион долларды “Саутфилд” компаниясы алышына 3 адам кызыкдар болгонун жеткирди Сегизбаев Атамбаевге. Аталган Белиз мамлекетинин компаниясы кезинде “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун (“Мегаком”) 50 пайыздык акциясына ээлик кылып турган. Компаниянын ээси Максим Бакиев болушу мүмкүн (!) деп эсептейт УКМКнын башчысы. Мындайча айтканда, мамлекеттин жана улуттун коопсуздугу үчүн жооптуу болгон мекеменин башчысы божомолдун (!) негизинде топтолгон маалыматты президентке айтып берип жатат. Бул жолугушуу тууралуу таратылган маалымат да күдүктүү ойлорго ээрчитет. Адатта президенттин кароосундагы иш кагаздары эл көзүнө көрсөтүлчү эмес, бирок бул жолу документ деп 3 сүрөт көрсөтүлүп, алардын ар бири интернетте азырынча жообу жок суроолорду жаратууда. “Интернеттен Белиздин документтеринин үлгүсүн таптым, ошол эле кол турат, бирок башка адамдын аты-жөнү жазылуу. Же ал жакта баары бирдей кол коюшат, же биздин чекисттер көчүрүп алуу менен жасалма документ жасашкан. УКМКнын саясий күрөштүн куралына айланганы жийиркеничтүү”, - деп жазды саясат таануучу Даниел Кадырбеков Фейсбуктагы баракчасына. Айрым интернет колдонуучулары Борбор Америкада жайгашкан оффшордук компаниянын документи деп көрсөтүлгөн кагазда Өмүрбек Текебаевдин жалпы жарандык эмес, ID-картасы көрсөтүлгөнүн күлкүлүү деп табышууда. Эдил Байсаловдун Твиттерде жазганына караганда, Башкы прокуратура менен УКМК – өлкөдөгү коррупцияга белчесинен баткан органдар, алар эбак эле репрессивдик максатта иш алып барууга өтүшкөн.

Эми экинчи жолугушууга өтсөк. Ажо башкы прокурор Индира Жолдубаевага “Саутфилд” компаниясындагы үч депутаттын пайдасындагы акциялары боюнча текшерүүнү тапшырды. Бул окуяга байланыштуу Өмүрбек Текебаев УКМК жарыялаган документтер жасалма деп билдирди. Ал эми Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңеште маалымат жыйын өткөрүп, анда матрёшка-гейттин экинчи сериясы башталганын айтты. Депутат 2006-жылы Өмүрбек Текебаевдин Польшанын аэропортунан матрёшка куурчагына салынган баңгизаты менен кармалганын, аны бийлик уюштурганы белгилүү болуп, “ата мекенчи” акталганын, кийин Геннадий Павлюк менен Медет Садыркулов өлтүрүлгөн окуяларды эске салды жана ошол операциялардын баарына УКМК жана башка мамлекеттик органдар катышканын билдирди. “Мына ошондой иштер кайталанып жатат”, - деди Шыкмаматов. Аида Салянова болсо буга чейин Жогорку Кеңеште бул чуу тууралуу: “Башкы прокурор болуп турганымда "Мегакомдун" 51 пайызын мамлекетке өткөрүүдө эмгегим чоң. Мен мактанбайм, бирок муну айтууга туура келди", - деп айткан болчу.

Бул аралыкта бүгүн Өмүрбек Текебаевдин үйүнө белгисиз адамдар кирип, сейфти ачууга аракет жасашканы белгилүү болду. "Ата Мекен" партиясынын лидери милиция кызматына кайрылып, окуя боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө. Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаеванын айтымында, баалуу буюмдарга тийишишкен эмес. Үйдү текшерип чыккан ыкчам иликтөөчү топ "кол кап менен иштешиптир, артынан из калтырышпаптыр" деген. "Эмне издешти, балким, издебей эле бир нерсе коюп, орнотуп, таштап кетиштиби, билбейбиз", - деди Текебаевдин жубайы. Башкы “ата мекенчинин” үйүнөн Баш мыйзамдын түп нускасын издештиби, же тескерисинче, “Мегакомдун” чуусуна байланыштуу кагаздарды таштоого аракет кылыштыбы, азырынча белгисиз. Эки окуянын бир күндө болуусу жөнөкөй гана дал келүүчүлүкпү?..

Коалиция лидерлигинен түшкөн Канатбек Исаевге карата 2010-жылы козголуп, кайра токтотулган кылмыш иши Башкы прокуратурада жаңыдан карала баштады. Ал бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин, президент Алмазбек Атамбаевдин кадрдык саясатын кескин сынга алгандан кийин токтотулган кылмыш иши “капысынан” жанданып отурат. Бийликтин минтип оппоненттерине кылмыш ишин ачуу, темир тор артына камоо аркылуу ооздуктоо аракети бийлик күткөндөй жыйынтыкты алып келбесин 2005 жана 2010-жылдагы окуялар көрсөткөн эле. Ошол эле Өмүрбек Текебаевди да, Алмазбек Атамбаевди да 7-апрель күнү УКМКнын СИЗОсунан Бакиевдин диктатордук режимине каршы көтөрүлүп чыккан эл алып чыкканы унутула элек...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан