Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагында 2016-жылдын 15-ноябрында Миң-Куш-Ыраакы-Миң-Куш ички чарбалык унаа жолунун 3-4-чакырымында болжол менен көлөмү 80 миң метр куб болгон жер көчкү жүргөн. Натыйжада көлөмү 1500 метр куб болгон жер көчкү унаа жолго сүрүлүп, жол эки тараптан жабылып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-ноябрда билдирди.
"Жабыркагандар жок. Унаа жолунан 3 чакырым алыстыкта кошумча айланма жол бар. Учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы менен Жарандык коргонуу комассиясы жеринен тактоо иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
“Жумгал суу-курулуш” ишканасынан 1 экскаватор, 1 самосвал жана 8 адам тазалоо иштерине тартылганы белгилүү болду.