Ак-Ордо конушунун жаңы аймактарына электр энергиясын алып келүү боюнча өкмөт оңдуу жооп бере элек. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Ак-Ордо конушунун квартал башчысы Асылгүл Жолдошбек кызы билдирди.
"Буга чейин 200гө жакын адам митингге чыкканда өкмөт адамдарынан жетекчилер чыгып, "Бүгүн кечки саат 18:00дө силердин маселеңер боюнча жыйын болот. Калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу маселесин карайбыз. Эртең жообун айтабыз" деп убада беришкен эле. Андан бери 5 күн өттү. Өкмөттүн убадасы аткарылбай жатат. Иш баштала элек, кыш жакындап, эл кыйналып жатат", - деди А.Жолдошбек кызы.
Эске салсак, 11-ноябрда 200гө жакын адам митингге чыгып, Ак-Ордо конушуна электр жарыгын туташтырып берүү ишин колго алууну премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон талап кылган. Белгилүү болгондой, аталган конушта 10 жылдан бери электр жарыгы жок жашап жаткандар бар.