Казакстанда өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн 10 миң теңгелик банкнот 1-декабрда жүгүртүүгө чыгат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Жаңы валюта менен Улуттук банктын төрагасы Данияр Акишев “Казакстандын көз карандысыздыгына 25 жыл” аттуу конференциянын алкагында тааныштырды", - деп жазышат маалымат булактары.
"Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн тарыхы мамлекет башчы менен тыгыз байланышта. Андыктан Улуттук банк президенттин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын чагылдырган, Казакстандын 25 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган мааракелик банкнотту тартуулайт. Банкнот 1-декабрда - Биринчи президенттин күнүндө жүгүртүүгө чыгат", - деген Акишев.
Бул купюра саналуу гана нускада чыгары белгилүү болду.