"Дыйкан" базары коюлган талаптарды толук кандуу аткарган жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын чечими менен базарды жабуу талабы коюлган. Ал үчүн мөөнөт берилип, базарды калыбына келтирүү, санитардык абалын жакшыртуу, жол тыгынын жоюу сыяктуу шарттарды аткаруу каралган. Бүгүнкү күндө коюлган талаптардын айрымдары аткарылбай келет", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалым болгондой, "Дыйкан" базарында эмгектенген соодагерлер президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасап, базардын жабылышын суранышты.
"Базарда иштегенге эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Жол тыгынынан улам соода жайларыбызга кире албай калган учурлар болот. Базардын администрациясы араба айдап иштеген балдарды коркутуп, аларга акча берип, "базар жабылбасын" деген талап менен Ак үйдүн алдына митингге чыгарып жатат. Чукул арада бизге ыңгайлуу жер бөлүп берүүңүздү сурайбыз", - деп кайрылуу жасап, 100 адам кол коюп, байланыш номурларын калтырышкан.
Ал эми "Дыйкан" базарынын жетекчилиги SUPER.KG порталына талаптардын баарын аткарганын билдирген.
"Биз Ленин райондук администрациясы менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын талаптарын аткардык. Өрт коопсуздугу, тазалыгы, жол тыгыны боюнча жана башка талаптардын баарын аткардык", - дешкен базардын администрациясынан.