Тажикстанда алгачкы жолу Президент күнү белгиленүүдө

Тажикстанда Президент күнү белгиленүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрда алгачкы жолу Президент күнү белгиленип жатат. Бийлик мындай жол менен Эмомали Рахмондун жеке өзүнүн эмес, өлкө президентинин аракеттерине баа берилерин билдирүүдө.

Майрам үчүн тандалган күн учурдагы президент бийликке келген дата менен туура келет. 1992-жылдын 16-ноябрында Эмомали Рахмон өлкөнүн Жогорку Кеңешинин төрагасы, андан соң өлкөнүн президенти болуп шайланган.

Аталган майрамга карата Хатлон облусунун жетекчилиги мектеп окуучуларын Эмомали Рахмон билим алган Дангар аймагындагы №7-орто мектеп жана Сарбанд шаарындагы кесиптик-техникалык лицей менен тааныштыруу иш-чарасын өткөрөт. Мындан сырткары "Президент балдардын көзү менен" деген аталыштагы сүрөт сынагын өткөрүү каралууда.

Эске салсак, Эмомали Рахмон 24 жылдан бери Тажикстанды башкарып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Medina87
2016-11-16 11:03:06
Мынакей ПРЕЗИДЕНТ деген ушундай болсо!!......

0
ekaterinburg
2016-11-16 11:07:12
Medina87,эмнесин мактап атасын?Тажик элдери менен суйлошуп корсон билесин кандай президент экенин.
0
Medina87
2016-11-16 12:03:50
ekaterinburg,
Нигине караганда Екатирингбурдасын.
Мен да бир кезде биздин улуу урматтуу Президентибиз "Россияда кочо шыпыргыча кайткыла Мекенге" деген кезинде Москвада иштоочумун. Ошондогу мигранттардын реакциясын СУПЕРИНФОнун архивинен оку??!!
Ошол кезде дворник тажиктерден кыйналып иштешсе да мен бир да Прези
дентин каралаган созун ук
кан жокмун. Кайра менден сурашчу" Бир эмес эки Президентибиз не учун качканын".
Мен айтчу элем жакшы болу
-1
ekaterinburg
2016-11-16 12:21:14
Medina87,президентинер кандай деп сурап корсон билесин.
0
Medina87
2016-11-16 13:38:03
ekaterinburg
Менин комментиме эмес тема б-ча оз оюнду жаза берчи кагылайын?!
Кайсы Президентибиз башка олколордун сайттарында макталып атыптыр??
Кечээки Твиттердеги Муслимдин Атамбаевди коркутканы менен атактуубу??
Закон.кз.ке кирип комменттерине жооп берчи андан коро мага эмес.
-1
Aidai5555
2016-11-16 11:08:30
Мына муну культ личности (жеке адамга сыйынуучулук) десе болот.
-1
MAN-CITY
2016-11-16 11:23:28
Тажикистанда президентти жамандасан беш жылга эркинден кесилесин, бул кылган иштери ислам каримовдун иштерине окшоп баратат.
+2
tulpar90
2016-11-16 11:45:37
Тажикстанда мыйзам күчтүү иштейт .0
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан