Ошто "жугуштуу ооруга чалдыкты" делген студенттер дарыланып, окуп жатышат

"Ош шаарында индиялык жана пакистандык студенттер жугуштуу ооруга чалдыгышты" делген студенттер дарыланып, окуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин окутуучусу Роман Калматов билдирди.

Маалым болгондой, чет элдик студенттердин ооруга чалдыкканы жөнүндө буга чейин социалдык тармактарда сөз болуп, талкуу жаратып келген. Бул боюнча Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин окутуучусу Роман Калматовго байланыштык. Ал өз сөзүндө: "Биздин факультетте окуган чет элдик эки студенттен оору чыкканы ырас. Бирок ал социалдык тармактарда талкууланып, айтылып жаткандай жугуштуу илдет эмес. Эгерде жашаган аймагыбыз саздак болсо коомго коркунуч жаралмак, бирок андай эмес. Бул оору безгек оорусу экендиги аныкталды. Мындай илдет менен биздин жарандарыбыз да оорушу мүмкүн. Бул студенттер ооруну өз өлкөсүнөн жуктуруп келишкен", - деп билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда медициналык факультетте 1500 студент билим алат. Ооруга чалдыккан студенттердин бири 3-курста, экинчиси 6-курста окуйт.

"Эки студенттин ооруп жатканы сентябрь айында билинген. Ошол учурда алар ооруканага жатып дарыланышкан. Башка студенттердин баарын атайын текшерүүдөн өткөрүп, күчөтүлгөн тартипте иштеп, дарылап чыкканбыз. Бүгүнкү күндө кооптонуу жок", - деп кошумчалады Калматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
madina.87
2016-11-16 15:46:37
Безгек акыркы жылдары Кыргызстан да каттала элек, жана катталбай эле койсун.
Бул студенттердди катоодон сыграй жакшы караш керек.
+4
KyrgyzKagan
2016-11-17 08:54:39
madina.87, Сыграй деген созунуз орусчабы? ))) Биздикилер кошомат, жогору жактагыларга жагыш учун баары сонун, баары жакшы дей беришет. Качан баары отушуп кеткенде бизде мумкунчулук шарт жок деп чыгышат. Жараткан Аллах сактасын кыргыз элин.
+1
Alicia
2016-11-16 21:32:54
Alar ozunun olkosunon jukturup kelse kantip bulardan bashkalarga jukpait ?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан