Түштүк Кореянын Кванджу шаарында корей кыздары "Сары-Ой" чыгармасын ырдап, кыргыздын каада-салты менен таанышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чет өлкөлүктөрдү колдоо борборунда эмгектенип жаткан Асилбек уулу Бекназар билдирди.
Анын айтымында, кыргыз маданиятын корей элине тааныштыруу жана кыргыз тилин корей кыздарына үйрөтүү максатында атайын топ түзүлгөн. 2 айга созулган аракеттин жыйынтыгында корей кыздарына маалыматтар жеткирилип, тил үйрөтүлүп, "Сары-Ой" ыры корей кыздарынын аткаруусунда жаңырды.