“Супер-Инфо” гезитинин окурмандары жана SUPER.KG порталынын колдонуучуларынын демилгеси менен 2011-жылы 9-апрелде борбор шаардагы “Ататүрк” сейил багынын бир бөлүгүнө 90 түп түрдүү бак-дарак көчөттөрү отургузулуп, ал жер "Достук багы” деп аталган. Андан бери 2 жыл өттү. Көчөттөр тамыр жайып өсүп, көргөн адамдын көзү кубана турган жайга айланып бара жатат "Достук багы". Бүгүн, 20-апрелде “Супер-Инфо” гезити менен SUPER.KG порталынын эмгек жамааты, аталган порталдын колдонуучуларынын демилгеси менен ал жерде ишембилик өттү. Көчөттөргө суу жайылып, кошумча көчөттөр отургузулуп, бактын айлана-тегереги тазаланды. Иш-чарага белгилүү телеалпаруучу Нурзат Токтосунова жана бир катар эстрада жылдыздары катышты.