SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Пенсияга чыккан жарандар жумуш ордуларын жаштарга бошотуп беришсе" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Учурда пенсияга чыгып, бирок дагы эле иштеп жаткандар көп. Мамлекеттик кызмат болуп, чоң бир көйгөйлөрдү чечип, тажрыйбасы көп кызматчы болсо да мейли. Аларды түшүнүүгө болот дейт элем. Кичине эле мекемелерде, эң жөнөкөй жумуштарда дагы, мисалы, пол жуугуч, кароолчу, электрик сыяктуу дипломдун кереги жок жумуштарда иштеген адамдар пенсияга чыккандан кийин ордун жаштарга өткөрүп беришсе жакшы болмок. Мындай иштерге айлыгы аз дешип бардык жаштар иштей бербейт, бирок карапайым, диплому жок, айылда жашаган, чет өлкөлөргө чыгып иштей албагандарга жакшы шарт болмок. Албетте, жарыбаган пенсия менен жан багыш деле кыйын, бирок жумушсуз жаш үй-бүлөлөр андан көп болуп жатат. Пенсиядагы адамды мажбурлап иштен чыгарууга акысы жок деген мыйзам бар имиш. Өмүр бою иштеп, жаштыгын, ден соолугун ишке арнап, жан дили менен иштеди, албетте, сыйга татыктуу. Ошентсе да жаштарга, муктаж адамдарга ордуларын ызы-чуусуз бошотуп беришсе".
"Мен да эки-үч күн мурун бир маалымат окуп калдым. Илимдер академиясында иштеген жашы 90-80 жаштагы кызматкерлердин ордуна 50-60 же 60-70 жаштагы кызматкерлерди алат деп. Бул канчалык деңгээлде чындыкка жатарын билбейм, бирок кызыктай эле угулат экен".
"Албетте, улуу адамдардын эмгек стажы көп. Канчалаган адам менен иштеп өз кесибинин майын чыгарып калган, бирок алар заманбап технологияларынын өнүккөнүн кабыл алгысы келишпейт экен, көпчүлүк учурда. Башында өздөрү кандай окуп үйрөнгөн болсо, ошондой эле деп, өзүнүкүндө туруп алышат. Айрыкча университеттердеги окутуучулар ушинткенин өзүбүз көрдүк".
"Ошондой ордун бербегендер айрыкча мугалимдер болушат деп ойлоп калам. Мен башка тармакты көрбөгөнгө ушинтип ойлойт болушум керек. Канчалаган студенттер окуусун бүтүп, жумушу жок ар кайсы жактарда жүрүшөт. Ошолордун, баарын айтпайм, бирок көбү жакшы окуп, ошол эле окуучуларга пенсиядагы агай-эжейлерге караганда жакшы, замандын талабына жооп бере тургандай билим береби деп ойлойм. Жарым кылымга жакын иштеп пенсияга чыктыңбы, ордуңду жаштарга бошотуп бер да".
"Эгер илим тармагында иштегендер болсо, мейли отура беришсин, өз жумушун акырына чыгарып кетсин дейт элем. Чындыгында, ошол улуу муундун адамдары гана билимди жакшы беришет. Азыркылар акчанын күчү менен эптеп окуусун окуп бүтүп жатышат го".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.