Мамкаттоо кызматы: "Жаңы унаа номери үчүн айдоочуларды Казакстанга өткөрбөй жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт"

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы автоунаа номерлерин сатыкка чыгарып келет. Айдоочулардын айтымында, бүгүнкү күндө жаңы номерлердеги "0" саны бар унааларды Казакстан, Орусия өлкөлөрүнө киргизбей жатышат. Себеби номерге колдонулган шрифтке ылайык, "0" санынын бир бөлүгү кесилип калган.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул маалыматты четке какты.

"Айдоочуларды Казакстанга өткөрбөй жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Москва шаарындагы лаборатория биздин номерлер эл аралык стандарттарга жооп берерин айтып, сертификат берген. Мындай шрифттеги номерлерди бүгүнкү күндө дүйнөнүн 45 мамлекетинде колдонушат. Коңшу Өзбекстан дагы ушундай номерлерди колдонот", - деп билдирди басма сөз катчысы Мелис Эржигитов.

Маалым болгондой, өлкөдө 3 сандан турган жаңы мамлекеттик унаа номери 2016-жылдын 1-июнунан баштап бериле баштаган. Бүгүнкү күндө 55 миңден ашуун жаңы номер сатылган.

“Бул сыяктуу кайрылуулар бизге да түшкөн. Мындан улам өзүм атайын Казакстанга барып чек арачылар жана башка тиешелүү кызматтар менен сүйлөшүп, андай маселе жок экенин көрүп келдим. Жаңы номер чыккандан бери 10 миң айдоочу коңшу Казакстанга кирип чыкты”, - деп кошумчалады Эржигитов.

Белгилей кетсек, Орусия, Казакстан, Украина өлкөлөрүнүн унаа номерлеринде мындай шрифт колдонулган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан