Акыркы 4 жылда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана оор абалдагы үй-бүлөлөрдөгү балдар үчүн өлкө боюнча 29 реабилитациялык борбор түзүлгөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-ноябрда билдирди.
"Борборлор өлкө боюнча берилген мамлекеттик социалдык буйрутмалардын алкагында ачылган. Ал жакта балдарга психологиялык, юридикалык, социалдык-педагогикалык жана медициналык жардам көрсөтүлөт. Мындан сырткары республикада 600дөй ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоочу борбор иштейт. Ал жактан физиотерапиялык дарылоо, укалоо, парафин терапиясын, медикаментоздук терапиясын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.Ошондой эле бейтаптар психологиялык, социалдык-эмгектик, социалдык-маданий реабилитациядан өтө алышат", - деп жазылат маалыматта.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бардык реабилитациялык кызматтар бекер экенин белгилей кетебиз.