1859-жылы франциялык дипломат, каналды куруу демилгесин көтөрүп чыккан Фердинанд де Лессепс Суэц каналынын долбоору жана курулушу менен алектенген фирма негиздейт. Куруу иштерине египеттик жана европалык жумушчулар катышкан. 10 жылдан соң, 1869-жылы 16-ноябрда Суэц каналы расмий түрдө ачылган. Каналдын курулушу соода транспортторунун Азияга жана Европага кыйынчылыксыз, тез жетүүсүнө шарт түзгөн.
Суэц каналы Кызыл деңиз менен Жер Ортолук деңизин бириктирип, Африка жана Евразия континенттеринин ортосундагы шарттуу чек аранын ролун аткарат. Узундугу 163 чакырымды түзсө, кеңдиги 150 метрге жетет. Ал эми каналдагы суунун тереңдиги 20 метрди түзөт. Суэц каналынын Порт-Саид жана Суэц деп аталган 2 кеме токтоочу жайы бар.
16-ноябрга карата жылнаама.