Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров төрага Чыныбай Турсунбеков менен мушташып кете жаздады.
Жыйындын жүрүшүндө Зулпукаров процедуралык маселелерди айтуучу микрофонго чыкканда спикер ага сөз бербей койгон эле. Депутат буга нааразы болуп микрофонсуз сөзүн уланта берди. Спикер акыры Зулпукаровго микрофонду күйгүзүп берди.
"Процедуралык микрофонго чыкканга депутаттарга сөз бериңиз. Депутаттардын сүйлөгөнүнө комментарий берүүгө акыңыз жок. Сизге сый болсо, урмат болсо, көөп кетпеңиз. Микрофонду каалаган учурда күйгүзүп-өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болсо, өзүңүздү хан сезип калдыңызбы? Андай болбойт. Микрофонду бербей жатканыңыз өзүм билемдик катары эсептелинет. Эгер сиз үч жолу регламентти бузсаңыз, сизди төрагалыктан алып коюуга укугубуз бар", - деп кайрылды спикерге Зулпукаров. Андан соң ал Турсунбековдун жанына барып катуу сүйлөй баштаганда депутаттар аны токтотуп калышты.