Ведомстволор аралык комиссия Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун уну жараксыз экенин аныктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 16-ноябрда билдирди.
"Сооронбай Жээнбековдун 30-сентябрдагы буйругу менен ундун сапатын текшере турган комиссия түзүлгөн. Анын жыйынтыгында 2015-жылдын ноябрь айында чыгарылган биринчи сорттогу ун алынып, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын уруксаты менен малга кошумча азык катары колдонулсун, эгер уруксат берилбесе, жок кылынсын деген чечим чыккан. Мындан сырткары Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасына текчелерди орнотуу жана аба температурасын көзөмөлдөөчү журнал ачуу, ун сактоочу жайларды таза кармоо чечими чыккан. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына бул фактыларды изилдеп, 15 күн ичинде укуктук баа берүү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда жыйынтыкты Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы карап жатышканы маалым болду.