Автоунаалар үчүн номердин бир пластинасынын баасы төмөндөдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Мамлекеттик антимонополия агенттигинин №78 жана №79-буйрутмаларына ылайык, транспорттук каражаттар үчүн мамлекеттик каттоо номеринин пластиналарын даярдоонун жаңы тарифтик баалары бекитилди.
"Жаңы тариф боюнча бир пластинаны даярдоо 393 сомдон 324 сомго түштү. Баа 69 сомго же 17,5 пайызга арзандады. Мындан сырткары дипломатиялык, консулдук жана БУУ өкүлдөрүнүн номерлеринин бир пластинасын даярдоо 273 сомго барабар. Буга чейин мындай номерлер 1017 сомго жасалчу, тагыраак айтканда, 73 пайызга арзандады", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бир унаага эки пластина керектелет. Ошондой эле мамлекеттик номерди каттоого да өзүнчө акы төлөнөт.
Баанын төмөндөшү каттоо номерлерин чыгаруу процессин жакшыртуудан улам болгонун кошумчалашат басма сөз кызматы.