Исфана шаарында күйүүчү май ташуучу унаанын автокырсыкка учурашы менен 1300 чарчы метр сугат жердин кыртышы бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Автокырсыктан улам сугат жердин бузулушу боюнча жеринде Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын инспектору, Исфана шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык менчик департаментинин башчысы жана айыл башчылары менен биргеликте протокол түзүлгөн. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн, май ташуучу ишкананын ээлерин тактоо боюнча укук коргоо органдарына кат жолдонгон. Ээлери аныкталгандан кийин инспекция тарабынан мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында оор жүк ташуучу унаа жол боюнда турган 17 унааны сүзүп, оодарылып, 20 тонна күйүүчү май төгүлүп калган.