Жогорку Кеңеште 17-ноябрда кышка даярдык, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы абал тууралуу өкмөттүн маалыматы угулду. Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башка жылдарга караганда кышка жакшы даярдык менен келгенин, негизги күч энергетика тармагына жумшалып жатканын айтты. 2016-жылдын 10 айында 9,85 миллиард киловатт-саат электр энергиясы иштелип чыкканын, электр кубатын экспорттоо болгонун да белгиледи.
Быйыл сырттан электр кубаты сатылып алынбастыгы, кышында эч кандай өчүрүүлөр болбостугу айтылды. Каржы министри Адылбек Касымалиев бюджеттик мекемелер электр кубаты боюнча карызын төлөй албай калса, туум эсептелбестиги тууралуу документ даярдаларын айтса, депутаттар элге көмүрдүн баасын туруктуу кармап берүү зарылдыгын билдиришти.