Жыл башынан бери Баткен облусунда 89 адам жоголгон

Жыл башынан бери Баткен облусунда 89 адам жоголгон. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10 ай ичинде облус аймагында 89 адамдын жоголгону тууралуу арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 74 адам милиция кызматкерлери тарабынан табылган. Бүгүнкү күндө 15 тургун дайынсыз жоголду деп изделүүдө.
Айта кетсек, 1931-жылы туулган С.Бурканова 10-ноябрь күнү "пенсия алам" деп Токтогул көчөсүндө жайгашкан үйүнөн саат 10:00 чамасында чыгып кеткен боюнча үйүнө кайрылып келген эмес. Учурда ал изделип жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан