ЖЫЛНААМА, 18-НОЯБРЬ: 1901-жылы коомдук пикирди сурамжылоону жүргүзүү ыкмасын иштеп чыккан америкалык статистик Жорж Гэллап төрөлгөн

Коомдук пикирди сурамжылоону жүргүзүү ыкмасын иштеп чыккан америкалык статистик Жорж Гэллап 1901-жылы 18-ноябрда Америка Кошмо Штаттарынын Айова штатынын Жефферсон шаарында төрөлгөн. Аны коомдук социологиянын классиги деп атап коюшат. 1923-жылы бакалавр, 1928-жылы магистр даражасын алып, 1928-жылы психология илиминин доктору аталган.

1923-жылы жарнама агенттигинде иштеп жүргөндө жергиликтүү гезиттин канчалык деңгээлде популярдуу экенин аныкташ үчүн ага окурмандардын ар биринин пикирин билүү тапшырмасы берилет. Ушундан улам ал статистикага жана коомдук пикирди билүү ыкмаларына кызыгып, изилдөөлөрдү жүргүзө баштайт. 1935-жылы Гарольд Андерсон менен биргеликте АКШнын Нью-Жерси штатындагы Принстон шаарында Америкалык коомдук пикирлер институтун ачкан. Ошол жылы 20-октябрда институт биринчи билдирүүсүн жарыялаган. Гэллаптын макалалары көптөгөн гезит беттерине жарыялана баштайт. Ал эми 1936-жылы Франклин Рузвельт кайрадан шайлоодо жеңерин алдын ала жарыялаган. Бул иши Гэллапка атактуулук алып келген.
Ж.Гэллап адамдардын керектөөлөрүн билүү үчүн кардарларды сурамжылоо техникасын ойлоп тапкан. Анын уулдары атасынын жолун жолдоп "The Gallup Organization" деген аталыштагы коомдук пикирди аныктоочу ири компаниялар түйүнүн ачышкан.
Ж.Гэллап 1984-жылы 26-июлда Швейцарияда көз жумган.
18-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан