SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Шумдугуң кургур!" деген тема кызуу талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөр:
"Бразилияда дүйнө жүзүндөгү эң узун кыздардын бири жашайт экен. Ысымы - Элисани Сильва (Elisany Silva). Ал 1995-жылы 27-сентябрда туулган. Учурда анын бою 206 сантиметр, бирок бул чеги эмес. Анын бою дагы өсүп жатканы айтылууда. Дарыгерлердин байкоосу боюнча, ал жылына 14 сантиметрди кошот экен. Сильва “Боюмдун узундугу мага көп ыңгайсыздыктарды жаратат. Мисалы, мектепке барыш үчүн автобуска батпай калган кордуктарга чыдабай мектепти таштап койдум” дейт. Дарыгерлер “Сильванын боюнун минтип өсүп жатканы ден соолугуна чоң коркунуч жаратууда, бирок кантип токтотуу керектигин биз азырынча билбейбиз” деген пикирлерин айтып жатышат. Сильва болочокто модель болууну самайт экен".
"Ааламдагы эң чоң иттин аты - Жорж. Учурда ал 4 жашта. Салмагы 111 килограмм, бою 2 метр 21 сантиметр. Шумдугуң кургур! Жорж "Гиннесстин рекорддор китебине" "Дүйнөдөгү эң чоң ит" деп аталып кириптир. Бул иттин кожоюндары иттин артынан учурда популярдуу адамдардын катарын толуктап турган чагы. Алар Жоржду туулганына 7 жума болгондо сатып алышкан. Мындай чоң ит болору үч уктаса да түшүнө кирбегенин айтышат. Ал күндөн-күнгө чоңоюп, үйүнө батпай калганда үй алмаштырууга туура келген. 1 айда Жоржго 50 килограммдан ашык атайын тамак кете турганын айтышкан".
"Эң кичинекей адамдардын бири Жунри Балуинге Филиппинде жашайт. Дүйнөдөгү эң кичинекей адам катары "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилген. Анын боюнун узундугу 55 сантиметрди түзөт".
"Узундугу 6 метр питон менен дос болгон бала".
"Биз, кишилер, үйлөр, дарыялар, тоолор дайым мейкиндикте секундасына 530 чакырым кыймылдап турабыз. Биздин галактиканын ичинде секундасына 225 чакырым кыймылдайбыз. Ал эми биздин галактика мейкиндикте секундасына 305 чакырым кыймылдайт (басып өтөт). Силер ушул макаланы окуп жатканда Жер шаары бизди 3 миң чакырым алыс алып кетти".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.