Балык чарбасын өнүктүрүүгө чет өлкөдөн 3 миллиондон ашуун балык тукумдары алынып келинген

2017-жылы балык чарбасын өнүктүрүү колго алынат. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин алдындагы Балык чарба департаментинин башчысы Самарбек Күчүков билдирди.

"Акыркы убактарда өкмөт тарабынан балык чарбасын өнүктүрүү аракеттери көрүлө баштады. Мындан улам Балык чарба департаменти ишкерлер менен келишимдерди түзүп, чарбаны өнүктүрүүнү колго алууда. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 110 ишкер биздин департамент менен келишим түзүп иштеп жатат. Ал эми өз алдынча иштеген балык чарбакерлеринин саны 700гө жакын. Мындан ары чарбаны өнүктүрүү иштери дагы жакшыртылат", - деди Күчүков.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 60тан ашуун балыктын түрү багылууда. Жыл ичинде 1,5 миң тоннадан 2 миң тоннага чейин балык өндүрүлгөн.

"Балык чарбасын өнүктүрүүдө жыл сайын 2 миллиондон 3 миллионго чейин түрдүү балыктын тукумдарын алып келип, көбөйтүү аракети көрүлүп жатат. 2016-жылда балык тукумдарын чет өлкөдөн алып келүү 3 миллион даанадан ашты", - деп кошумчалады Күчүков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан